Кичине гана, анча-мынча, өтө аз, азын-оолак. Өткөн жумада атасынан келген көз жашындай акчаны окуусуна, квартирине төлөп, эми эки күндүк тамактык гана акчасы турат (Баялинов).
1. Тунук, таза, аруу. Көз жашындай шүүдүрүм таңкы розанын көркүн ачат (Сыдыкбеков). 2. Аз, кичине. Көз жашындай тапкан анын азыноолак маянасы кийим-кечек дегениң мындай турсун, тамак-ашка көп анчалык жете бербейт (Баялинов). Көз жашындай немени (аракты) алып эле ий (Сыдыкбеков). Өткөн жумада атасынан келген көз жашындай акчаны окуусуна, квартирине төлөп, эми эки күндүк тамактык гана акчасы турат (Баялинов).